Өмүрбек Бабанов: «Алты жылдын ичинде Кыргызстан эң тез өнүккөн дүйнөдөгү 10 өлкөнүн катарына кирет»

"Алты жылдын ичинде Кыргызстан тез өнүгүп бара жаткан он өлкөнүн катарына кирет", - деди Өмүрбек Бабанов «Алдыга жол» аттуу президенттикке жол берген программаны презентациялоо учурунда.

«Бул программанын автору кыргыз эли. Алардын бардык талаптары жана каалоолору камтылды. Алдыга кете турган багытын туура тандап алган эл гана ийгиликке жетишет. Биз дагы токтоп турбай алдыга жылышыбыз керек. Секирик жасоо үчүн 3 конкреттүү кадам бар: таза шайлоо, эл тарабынан шайланган чыныгы элдик лидер, стабилдүүлүк. Себеби экономикалык жана мамлекеттик керемет лидерден көз каранды эмеспи», - дейт ал.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын татыктуу келечеги 5 кадамдан турарын айтып өттү. «15-октябрда эл ишенип бийликти мага өткөрсө, анда менин биринчи указым катары жаңы экономикалык жана социалдык саясат болмокчу. Экономиканы 7 багыт менен өнүктүрүүгө мүмкүн. Алар: сапаттуу билим жана ар бир жаранга жеткиликтүү медицина. Туризм: Өлкөгө азыр миллион турист келсе, анын саны 5 миллионго жетиши керек. Ошондо гана 5 миллиард доллар инвестиция түшүп, завод фабрикаларды куруунун кереги жок болот. Аймактарды өнүктүрүү: 9% ипотека, 7% айыл чарба кредитинин түрлөрү. Өнүгүү үчүн 6% кредиттер 7 жылдык мөөнөткө сом менен берилет. Инвесторлордун ар бир кадамына эркиндик берүү: бизнести текшерүүгө тыюу салуу. Салык реформасы: себеби салык жөнөкөй болсо коррупция дагы жок болот. Беш башка салык эмес, бизнеске бирдиктүү салык гана болушу абзел. Соода-сатык: Товарлардын экспортун Орусияга 5%, ал эми Кытайга 7 пайызга көбөйтүү. Миграция: Мамлекет чет элдеги ар бир жаран үчүн күрөшөт. Биздин элдин жарандарынын балдарына дагы эки элдин жарандыгы берилет. Бул алардын жашоо жана эмгек шартын жакшыртууга жардам берет».

Президенттикке талапкер ошондой эле өзүнүн кийинки указдарын дагы белгилеп өттү:

«Экинчи указ: мамлекетти эффективдүү башкаруу. Себеби ар бир айыл өкмөт жана акимдерге реалдуу бийлик берилиши керек. Мен президент болуп шайлангандан кийин ар бир айыл өкмөттө менин коомдук өкүлүм болот. Үчүнчү указ: коррупциясыз өлкө жана көз карандысыз сот системасы. Коррупциялык кылмыштар үчүн 25 жылга эркинен ажыратуу зарыл жана сот реформасын өткөрүү керек. Төртүнчү указ коопсуз өлкө: Биз сөзсүз коопсуз өлкө деген долбоорду ишке ашырабыз. Милиция, улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, прокуратура эч качан саясатка аралашпайт, алар өз милдетин гана аткарат. Жана бешинчи указ эффективдүү тышкы саясат. Орусия өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү бойдон кала берет. Биздин дайыма бирге болчубуз жана бийиктиктерди дагы бирге багынтабыз. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен болгон чек арадагы тоскоолдуктар жоюлушу керек. Ошондой эле улуу Кытай менен соода-сатыкты күчөтүү абзел».

"Эскиге жок, жаңыга макул деген убакыт келди" деген КРнын Президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов олуттуу реформалардын учуру келгенин, 15-октябрда элибиз жаңы жолду тандай турганына ишеним арттырды.

Аткаруучу: ЖЧК "SUPER.KG" (СУПЕР.КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к. 180.Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т.Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э. Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 10.09.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан