Англияда 13 жашар кыз өлүмүнөн кийин 8 адамдын өмүрүн сактап калды

Англиялык Жемайма Лейзелл 13 жашында каза болгон. Бирок анын органдары 8 адамдын өмүрүн сактап калган. Бул сан Англия боюнча рекорд болуп эсептелет.

Чет элдик маалымат каражаттары кабарлагандай, 13 жаштагы кыз үйүнөн эсин жоготуп жыгылган. Бейтапканага жеткирилип 4 күндөн кийин баш мээнин аневризмасынан (мээдеги кантамырлардын кеңейип кетиши) улам көз жумган. Каза болордон мурда Жеймама донор болууну каалай турганын айткан. Мындан улам ата-энеси кызын донорлордун тизмесине киргизип коюшкан.

Жемайма каза болгондон кийин анын жүрөгүн, эки бөйрөгүн, өпкөсүн, ичке ичегисин, уйку безин муктаж болгон адамдарга салышкан. Ата-эне үчүн анын денесинин бир нече бөлүккө бөлүнүшү оор болсо да, кыздын тирүү кезиндеги керээзин аткарышкан.

"Биз үчүн бул чечимди кабыл алуу өтө оор болду. Бирок биз туура чечим кабыл алдык деп ойлойбуз. Жемайма тирүү болгондо бизди колдомок", - деп билдирген кыздын апасы.

Маалыматтарда белгилүү болгондой, кыздын атасы мунун баарына каршы болгон. Бирок сыналгыдан берилген жарнамалар аркылуу жардамга муктаж, көп жылдан бери донорлук органдарды күтүп бейтапканада жаткан оорукчан балдарды көргөндө ал өз макулдугун берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Patriot7
2017-09-10 16:53:13
Бир нерсе деп айтуу кыйын... Башкаларга жардам болгону менен адам олгон сон жиликтенип жатканын карап туруу ото оор, аянычтуу!!!
+17
General.kg
2017-09-10 16:57:55
Бул боюнча ИСЛАМ дини кандай көз карашта?
+10
fortuna-fortuna
2017-09-10 17:02:55
General.kg,бул Кыз ислам дининде эмес. Ушинтип эле жумурткадан кыр издебей жон эле журсок ээ...
-24
General.kg
2017-09-10 18:20:07
fortuna-fortuna, тынчылыкбы?
Жумурткадан кыр издегеним жок! Жөн гана билгим келди, акылдуусунбай жолуң менен жүрчү!
+26
Hadyja
2017-09-10 17:17:04
General.kg,донор кылса болот,адам озун.Бир шарт менен бекер болуш керек.Саткан болбойт деп уккам
+9
Syn4y
2017-09-10 17:03:15
zato organdary jawai beret da
+3
AKCAHAT
2017-09-10 17:37:28
Коп эле олколордо олгондон кийин донор болууга даярмын деген контракт тузуп жашашат. Бекер эле.Себеби органы таза болсо олгондон кийин ага кереги деле тийбейт бирок башка бир адамга ото зарыл болот.Оорулуу кезек кутуп же канчадыр мин долларга сатып алышы керек муну баардыгы эле сатып алалбайт.Бул деле жакшылык, сооп кимгедир жашоо, ден соолук тартуулайсын.
+18
Too-tash
2017-09-10 19:12:09
AKCAHAT, сен озунду олгон сон жиликтенип жатканынды элестете аласынбы?!!
-11
Hadyja
2017-09-10 19:20:40
Too-tash,олгондон кийин уже баары бир болуп калат,бирок органдар донор болуп,пайда алып келсе,сооп берилет деп ойлойм.Мен деле бермекмин,бирок органдар донорго жарайбы белгисиз?
+8
Too-tash
2017-09-10 21:43:15
Hadyja, динден тапкан тушунугун ушул болсо бали!!! Эми чала молдо дин бузарлар аман болушсун да......
-9
surgeon777
2017-09-11 01:04:12
Чет мамлекеттерде ар бир адам тируу кезинде эле больницада анкета катары баардык маалымат жазылат,анын бир пункту-донорство:макул же каршы,макул болсо кайсы органдарын завещать этет,
жа
0
surgeon777
2017-09-11 01:10:50
кайсы жерде же больницада каза болбосун органдарын сразу алышат,себеби органдары боюнча жана ден-соолугу боюнча маалымат компьютерде сакталуу болот,биздегидей кагаз толтурушпайт,дуйно жузу компьютердик система менен иштеп жатса биздин дарыгерлер кагаз жазып чарчашат...
0
surgeon777
2017-09-11 01:16:58
Ал эми донорство боюнча жеке менин оюм бербей адам бутун бойдон кепинделгенин да каалайм жана озунун органдарын берип башкалардын омурун сактап жаткандарын да тушуном,демек ар бир адамдын оз эрки...
+2
bond02
2017-09-11 08:49:17
Бизде терс корунуш, а европада баары бир да.
0
admin_superstan
2017-09-11 09:47:14
surgeon777, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
+1
007aym
2017-09-11 10:27:58
Жиликтенсе да ал кыздын айрым клеткалары тируу, ошол донор болгон адамдарда ал кыздын омуру аз да болсо уланат(((((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан