Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова 53 жаш кутман курагын белгилеп жатат.
Туулган күн ээсин куттуктап байланышканыбызда, ырчы өздүк майрамын чакан чөйрөдө майрамдай турганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду: "Ар бир адамдын өздүк майрамы болгон туулган күнүмдү быйыл балдарымдын, үй-бүлөмдүн курчоосунда белгилейин деп жатам. Түндө он экиден кийин башталган куттуктоолордун аягы суюла элек, көптөгөн күйөрмандарым интернеттеги социалдык баракчама каалоо-тилектерин, баталарын калтырышууда, бул, албетте, мени сүйүндүрүп жатат", - деп ырчы өз кубанычы менен бөлүштү.
Динара Акулова кереметтүү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылында 1964-жылы жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылык жолун “Эй, жазгүлүм”, “Мен сени сүйөм”, “Аккордеон” аттуу ырларын аткарып баштаган. Кийин "Динара" эстрада тобун түзгөн.
Азыркы мезгилде да Динара Акулова бардык муундун өкүлдөрү сүйүп уккан чыгармаларды аткарып, күйөрмандарын сүйүнтүп келет. Учурда анын 2 кызы бар. Ырчы эки кызын тең турмушка узатып, небере жытын жыттап турган чагы.
10-сентябрдын жылнаамасы.