Жээнбековдун өкмөтүн, эми болсо Исаковдукун легендарлуу деп атаса болот. Анткени алар Өзбекстан менен мамилелерди жакшыртып эми “Центерра” менен макулдашууга жетишти. Өткөндө парламентте бул боюнча өкмөт мүчөлөрү билдиришти. Тараптар өз ара соттук дооматтарды жөнгө салды. Макулдашуулардын финансылык жыйынтыгында “Центерра” Экологияны коргоо фондуна 50 миллион доллар, Онкологиялык борборго 10 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр. Мындан тышкары жыл сайын 6 миллион доллардан которулуп, натыйжада 69 миллион доллардан кем эмес сумма чогула турган рекультивациялык фондун Кыргыз Республикасына которуу.
Бул боюнча өзүнүн пикирин “Кыргыз алтындын” мурдагы төрагасы Токон Мамытов билдирди.
“Албетте, мен бул кабарды жакшы кабыл алдым. Анткени “Центерра”, “Кыргыз алтын” жана өкмөттүн өкүлдөрү акыркы жолугушуусу менен сүйлөшүүлөрү 2014-жылы болгон. Кыргыз тарап инвесторлорго компромисстик макулдашууга жетүүгө шарттарын жеткире алды. Алардын ичинде экологиялык төлөмдөр, рекультивациялык фондунун акчасын өлкөбүзгө которуу болгон. Баса, бул сунуштарды “Кыргыз алтындын” эксперттери даярдашкан.
Ошол кездеги сүйлөшүүлөрдүн маңызы макулдашуунун негизине түшкөнү мени кубандырат. Өкмөт бул маселе боюнча абдан туура чечим кабыл алды”, - дейт Токон Болотбекович.
Мамытов аны туура деп ойлогонунун себеби “Кумтөр” – өлкөнүн эң ири салык төлөөчүсү, бюджетке жылына 5-6 миллиард сом төгөт. Бул мультипликативдик каржылык жана экономикалык эффекти, кыйыр төлөмдөрдү кошпогондо.
“Алтын жумуртка тууган тооктон шорпо бышыруу, менин оюмча, туура эмес. Өкмөт “каршы” жана “макулдардын” бардыгын таразалап, орчундуу сунуш менен чыгып, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аны ишке ашырууга жетишти. Дагы бир ток этер жери бар. Аткарылган иштер биздин өкмөттүн туруктуулугун, премьер-министрлердин арасында жолун жолдоочулук бар экенин көрсөтөт. Качан чет элдик инвесторлор “Центерра” менен сүйлөшүү процесстеринин жыйынтыгын көргөндө, Кыргыз өлкөсүндө кандай оор кырдаал болбосун жол табууга болот экен деген жыйынтык чыгарышат. Кабыл алынган чечим инвесторлорду чочутпастан кайра тартат”, - дейт Мамытов.
Ушундай болгону жакшы. Алтын кендин айланасындагы туруксуз саясий абалдан улам ири чет элдик инвесторлордун Кыргыз өлкөсү менен иштешүүдөн баш тартканын, өлкөнүн бюджетин толтуруучу, жумуш орун менен камсыздоочу долбоорлордун ишке ашпай калуусун элестетүү мүмкүн эмес.