Кыргызстанда иш алып барган 39 чет элдик фармацевттик компания мыйзамга каршы иш жүргүзүп келгендигин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жана Бишкек шаарында фармацевттик компаниялар, өндүргөн дарыларын бейтаптарга жазып бергендиги үчүн дарыгерлерге каражат жана ар кандай белектерди берип турушкан. Учурда ал компаниялардын аталыштары жарыяланбай тургандыгы белгилүү болду. Эгерде кайра текшерүү жүргөндө дагы ушундай көрүнүштөр кайталана турган болсо, анда ал компаниялардын аттары жарыяланат. Дарыгерлер сатылган дарылардын 10-26 пайызын алып, “Народный” дүкөндөрүнөн соода кылууга дисконттук карталарды, муздаткыч, компьютер сыяктуу техникаларды жана бекер май куюуга, унааларын бекер жуудурууга мүмкүнчүлүк алып турушкан. Ошондой эле аларга Ысык-Көлдө бекер эс алуу мүмкүнчүлүгү дагы түзүлгөн. Маалыматка ылайык, 94 медициналык кызматкерден 412 аныкталбаган бланк алынган. Бул факты боюнча 5 дарыгерге сөгүш жарыяланып, 52 дарыгер эскертүү алышкан. 11 медицина кызматкерлерине айлык акыларына кошула турган кошумча акча төлөнбөй турган болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги фармацевттик компанияларга эгерде бул көрүнүш кайталана турган болсо, лицензиясынан ажыратыла тургандыгы жөнүндө эскертүү берди.