Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде "тамашоучу", актёр жана соңку кездерде вайнер катары өзүн сынап жүргөн Эмил Эсеналиев конокто болот. Эмил Эсеналиевдин тамашалуу видеолоруна пайдаланып келе жаткан "дэң-дэң-дэң" дегени учурда жаштардын лексиконунда колдонулуп жүрөт. Шайыр жигиттин чыгармачылыгы, жеке жашоосу же социалдык тармактагы видеолору тууралуу кызыккан суроолоруңуз болсо узатсаңыз, түз эфирден актёрдун өзүнөн жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.