ЖЫЛНААМА, 11-СЕНТЯБРЬ: Ырчы Алмаз Шаадаев туулган күнүндө Данияр Эрматовго алданганын айтты

Бүгүн, 11-сентябрь күнү ырчы Алмаз Шаадаев 27 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктап байланышканда, туулган күнүн кечээ эле белгилеп баштагандыгын билдирди.

"Туулган күнүм кечээ эле башталгандыктан үйгө эртең менен келип жаттым. Негизи жыл сайын сахналаш досторум түнкү саат 12де куттукташчу. Бул жолкусунда деле ошондой болот деп отурсам Данияр Эрматов келип маанайымды түшүрдү. Ал "Дос, сени түндө куттуктайлы деп интернеттеги социалдык тармактан атайын топ ачсам, эч ким жазбай койду. Кечирип кой, быйыл сюрприз жок", - деп досторубуздун баарын жамандап жатпайбы. Көңүлүм түшүп "мейли анда, экөөбүз эле бир жакка барып тамактаналы" деп кафеге кирип отурдук. Сааттын жебеси түнкү 12ни какканда Аваз Акимов, Эрнист Сыдыков баш болгон досторум келип, куттуктап башташты. Ошондо гана Даниярга алданганымды сезип, бир чети кыжырым келсе, бир чети аябай сүйүнүп калдым. Ошентип түнү менен майрамдап, таң атканда уктагам. Бүгүн кечинде кайрадан чогулуп, жакшылап белгилейбиз", - дейт ырчы.

Алмаз Шаадаев 1990-жылы 11-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Чоң сахнага "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган “Жылдын суперлери-2010” концертинде “Жаным ай” аттуу ырын ырдап чыккан.

11-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
taalay25
2017-09-11 19:23:31
Ушул дагы жанылыкбы?)))
+2
emmasha
2017-09-11 19:29:34
Бул жон эле ЖЫЛНААМА
+1
Nanei
2017-09-11 19:36:34
Эми ким кандай тоскону ,канчада келип жатканы кимге кызык???
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан