Сентябрь айынын башында Копенгаген университети америкалык ырчы Бейонсеге арналган окутуу ийриминин ачылганын жарыялаган. Мунун себеби катары Бейонсенин учурдун эң башкы поп-ырчыларынан экенин жана анын ырлары заманбап жашоону түшүнүүгө жардам берерин айткан. Мындан улам "Медуза" интернет басылмасы ырчыны көпчүлүк эмне үчүн жакшы көрөрүн жазып чыкты.
Бейонсе жарандык көз карашка ээ
Ырчы кара терилүү айымдардын укугун коргоого жана өлкөдөгү саясий абалга байкоо салып, ага өз пикирин билдирүүгө бел байлап келет. Анын көз карашын аткарган ырларынан да байкоого болот. Тактап айтканда, мындай багыттагы чыгармаларын 2011-жылы чыккан "Run the World" аталышындагы ырынан тарта акыркы жолу чыккан "Lemonade" ыр жыйнагынан да тапса болот.
Бейонсе 2009-2016-жылдары АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обаманы колдоп келген жана анын инаугурациясында Обама жана жубайы Мишелге арнап "At Last" чыгармасын аткарган. Ал эми 2016-жылдагы президенттик шайлоодо Хиллари Клинтонду колдоп, күйөрмандарын шайлоого катышууга үндөгөн.
Сырларын айтуудан тартынбайт
2016-жылдын апрель айында ырчынын "Lemonade" аталышындагы ыр жыйнагы жана ушундай эле аталыштагы фильми жарык көргөн. Аталган альбомдо бир кезде жолдошу Жей Зинин көзүнө чөп салганын жана апасын башкага алмаштырган атасы менен болгон мамилеси тууралуу маалыматтар камтылган. Ал эми 2017-жылы 600 беттен турган фотокитеп чыгарып, ага үй-бүлөлүк архивдеги кызыктуу сүрөттөрдү жарыялаган.
Кайрымдуулук иштери менен алектенет
2013-жылы дүйнө элине жардам берүүчү "BeyGOOD" аталышындагы фонд ачкан. Ал катуу бороондон жабыркагандарга жардам көрсөтүп, Африкага суу, азык-түлүк ташып, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн кыздарына билим алуу үчүн шарт түзүп берет. Ушул жылдын август айында болгон "Харви" бороонунан улам ырчынын кичи мекени Хьюстонду суу каптап, жергиликтүү калк жабыр тарткан. Мындан улам 8-сентябрь күнү Бейонсе апасы Тина Ноулз жана кызы Блу Айви менен биргеликте аталган аймакка тамак-аш таратып, аларга колунан келген жардамын берүүгө убада берип келген.