Ысык-Көлгө балык уулаганы кетип, дайынсыз жоголгон 2 жарандын денеси табылды

Ысык-Көлдө балык уулоого чыккан бойдон дайынсыз жоголгон 2 жарандын денеси табылды. Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск айылынын тургундары, 1985-жылы туулган Александр Маятский менен 1986-жылы туулган Вадим Третьяков “Малютка” кайыгы менен көлгө балык уулоого чыккан бойдон кайрылып келген эмес. ӨКМ билдиргендей, аларды издөө ишине 17 куткаруучу жана 43 жергиликтүү жашоочу тартылып, эч кандай жыйынтык болбогондуктан, издөө иштери 9-апрель күнү токтотулган болчу. Балыкчылардын жансыз денелери 22-23-май күндөрү аталган айылдан анча алыс эмес аймактан, көл жээгинен табылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан