Пол Уокер же болбосо “Форсаж” тасмасындагы Брайан О`Коннер. Бул актёрду кино сүйүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү тааный турганы талашсыз. Актёр жана моделдик кесипти аркалаган мырза 1973-жылы 12-сентябрда төрөлгөн.
Карьерасы 2 жашында жалаяктарды жарнамалоодон башталган. Ал эми 13 жашында “Шкафтагы албарсты” тасмасына тартылып, андан соң дагы бир канча фильмдерге тартылуу сунушун алган. 2001-жылдан тарта экинчи пландагы ролдордон башкы каармандын образын жаратууга өтүп, өзүнүн алгачкы башкы ролун “Форсаж” тасмасында белгилүү актёр Вин Дизель менен бирге аткарган. Фильм ага болуп көрбөгөндөй атактуулукту алып келип, АКШга эле эмес, бир канча мамлекетке таанылат.
Аталган фильмден соң ар кайсы жанрдагы тасмалардан өзүн сынап көрөт. Алардын ичинен Пенелопа Круз менен бирге аткарган “Ноэль” киносундагы кызганчаак полиция кызматкеринин ролу көпчүлүктүн эсинде калган.
Андан соң “Форсаж” тасмасынын 4-5-6-бөлүгүнө тартылып, популярдуулуктун туу чокусуна жеткен. Тилекке каршы, аталган фильмдин 7-бөлүгүнүн тартуу иштери аягына чыга электе автокырсыкка кабылып, каза болгон.
Тактап айтканда, 2013-жылы 30-ноябрь күнү Пол Уокер досу Рожер Родас менен бирге кайрымдуулук фондунун иш-чарасына катышып, андан соң досуна таандык кызыл түстөгү “Porsche Garrera GT” үлгүсүндөгү автоунаа менен кетишкен. Катуу ылдамдык менен келе жатышкандыктан жолдон айдоочу рулду башкара албай, электр мамысын жана анын жанындагы бак-дарактарды сүзгөн. Унаа дароо өрттөнүп кеткендиктен экөө тең ошол жерден жан беришкен. Актёрдун сөөгү Калифорнияда 14-декабрь күнү жерге берилген. Анын өлүмү тууралуу маалымат тараганда интернетте ар түрдүү айың-кептер айтылган. Алардын ичинен актёрго окшош балдардын сүрөтү жарыяланып, анын тирүү экенин, болгону мындан ары эл алдына чыгууну каалабасын жазып чыккандар болгон.
Пол Уокер үйлөнгөн эмес, бирок бир канча кыз менен сүйүү мамилесинде болгон. Анын бир кездеги сүйүктүүсү Ребекка Сотерос 1998-жылы Мэдоу Рэйн аттуу кыз төрөп берген. Кызы 13 жашына чейин апасы менен жашап, 2011-жылы атасынын үйүнө көчүп келген. Актёр каза болгон соң 25 миллион долларлык мурасы кызына калган. Ал эми “Форсаж” тасмасында чогуу роль жараткан Вин Дизель жаңы төрөлгөн кызынын атын актёрдун урматына Полин деп атаган.
Актёр чыгармачылыктан сырткары сёрфинг жана спорттун жиу-житсу түрү менен машыккан. Ошондой эле автоунаалар менен жарышууну жактыргандыктан, командасы менен биргеликте унаа жарышына калбай катышып турган. Мындан улам айрымдар "анын өлүмүнө унаа себептүү болоруна шек жок эле" деп айтып чыгышкан.
12-сентябрдын жылнаамасы.