Татарстандын Казань шаарында 5-11-сентябрь күндөрү болуп өткөн Мусулман кинолорунун ХIII эл аралык фестивалында жаш оператор Болсунбек Таалайбек уулунун "Олжо" кыска метраждуу тасмасы Орусиянын кино тармагындагы адистеринин атайын сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу аталган фестивалдын расмий сайты жазып чыкты.
Маалым болгондой, сыйлык тапшыруу аземине Болсунбек Таалайбек уулу өзү катыша алган эмес. Мындан улам диплом фестивалда калыстар тобунун ардактуу мүчөсү катары отурган Гүлбара Төлөмүшевага ыйгарылган.
Белгилей кетсек, Казань эл аралык мусулман кинолорунун фестивалы 2005-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Ага тарбиялык мааниси терең, тынчтыкка үндөгөн гана тасмалар катыша алат. Жеңүүчүгө сыйлыкты Татарстандын президенти тапшырса, кийинки орундагыларга Орусиянын кино тармагындагы адистеринин белектери ыйгарылат.