Бүгүн, 12-сентябрда "Медиа-портал" бөлүмүнө жаңы чыгып келе жаткан ырчы Милананын "Алгач сүйүү" ырынын клиби кошулду. Ырчы SUPER.KG порталына клиптин кантип тартылганын айтып берди.
"Бул менин сүйүү жөнүндөгү алгачкы ырым. Буга чейин мынчалык бийлеп клип тартып көргөн эмесмин, андыктан бийди өздөштүрүү бир аз кыйын болду. Ага карабастан клипти бир күндө тартып бүтүрдүк", - деди ал.
Ал эми Айчүрөк Иманалиева "Алгач сүйүү" ыры буга чейин ырдалбаганын, обону атайын Милананын үнүнө ылайыкталып жазылганын кошумчалады.
Милананын "Алгач сүйүү" ырынын клибин көрүү үчүн шилтеме.