Бишкекте "ART-ORDO" эл аралык театрлардын фестивалы өтүүдө

Бишкекте кечээ, 11-сентябрда "ART-ORDO" эл аралык театрлардын фестивалы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, фестивалда Кыргыз өлкөсүнөн сырткары Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген театрлар спектаклдерин тартуулашат. Иш-чаранын алкагында сынак уюштурулуп, ага 5 мамлекеттен 13 театр катышат. Андан сырткары заманбап театралдык башкаруу темасында илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Театралдаштырылган көрсөтүүлөр Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театрында, Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында жана "Тунгуч" эксперименталдык жаштар театрында коюлат. Фестиваль 16-сентябрда аягына чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан