Жан-Клод Ван Даммдын уулу камакка алынды. Ал баңгизатын сактап жүргөн жана досун бычак менен коркуткан деп айыпталууда

АКШда белгилүү актёр Жан-Клод Ван Даммдын 21 жаштагы уулу Николас Ван Варенберг полиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жергиликтүү полиция кызматкерлери белгисиз адамдын телефон чалуусунан соң келишкенде лифттин жанында кандын издери табылган. Алар ошол издер менен баланын үйүн табышкан. Андан соң Николас жана аны менен чогуу жашаган бала менен сүйлөшүп, Ван Даммдын уулу кокустан колун кесип алып, анын каны подъездди булганганын аныкташкан. Коркунучтуу эч нерсе жок экенин көргөн полиция окуя болгон жерден кеткен. Бирок арадан көп өтпөй жаракат алган бала эшикке чуркап чыгып, полицияга эшикти ачканы үчүн актёрдун уулу бычак менен коркутканын билдирген. Полиция кызматкерлери кайрадан кирип, тинтүү иштерин жүргүзгөндө үйдөн бычак жана марихуана табылган.

"Учурда Николас Ван Варенберг убактылуу камакка алынган, ага баңгизатын сактап жүргөнү жана курал колдонгону үчүн айып тагылышы мүмкүн", - деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, актёрдун 3 баласы бар. Николастын апасы Ван Даммдын 2-жубайы, Голливуд актрисасы Дарси Линн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
amirrus
2017-09-12 18:44:15
кинодогудай сактап калат жан Клод кияяяяя деп милицияларды ыргыта тээп
+8
OMURBEK.
2017-09-12 19:19:20
amirrus,деп ойлосо керек да баласы деп койсон
+7
ZANIA-92
2017-09-13 03:16:26
OMURBEK.,анан ал кыялы ишке ашпай калды деп аягына чыгып коёюн.
+1
Karban86
2017-09-13 00:00:36
Эмнегедир коп колдонушат
0
Nadirov
2017-09-13 12:36:04
Мына ссага тарбия
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан