“Аксы районунун Жыл-Кол айыл аймагына кулап түшкөн АН-2 учагы жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларына илинип калып, кырсыкка туш болушу мүмкүн” деген божомол айтылып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров маалымдады. Анын айтуусу боюнча, учуп келе жаткан учак алдындагы электр чубалгыдан жакындаганда бурулуп өтмөкчү болуп, бирок канаттары зымга тийип, учак абадан эле жарылгандыгы болжолдонууда. Андагы каза болгон капитандын денесинин жарым бөлүгү күйүп, жанындагы 2 адамдын денеси толугу менен күйүп кетти. Кырсыкка тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук-экспертиза дайындалганы кабарланды. Айта кетсек, кырсык 24-май күнү саат 10:00 чамасында болгон.