Ушул жылдын март айында орусиялык ырчы Виталий Козловский сүйүктүүсү - модель жана "Холостяк" шоу берүүсүнүн мурунку катышуучусу Рамина Эсхакзайга үйлөнүү сунушун киргизген жана макулдугун алган соң үлпөт тойду өткөрүүгө камынып жатышкан. Бирок Эсхакзай кечээ, 12-сентябрда социалдык тармактагы өзүнүн жеке баракчасына Виталий менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, экөө мындан ары кыз-жигит эмес экенин жазган.
"Комедия бүттү... Достор жана журналисттер, биз, Виталий экөөбүз мындан ары кыз-жигит эмеспиз, эки башка жолго түштүк. Бул олуттуу чечимди мен кабыл алдым. Мунун себеби - менин үй-бүлө күтүүгө даяр эместигим. Дароо эле мага карата айтыла турган каргыш кептерге жооп бергим келет. Биздин ажырашуубузга ала жипти аттоо же дагы башка негативдүү нерселер таасир берген жок. Болгону бир аз тыныгуу алууну туура көрдүк. Андан ары кандай болот убакыт көрсөтөт", - деген ал.
Анын бул постунан кийин интернет колдонуучулардын кээ бирлери "булар башында эле бири-бирин жактырышчу эмес, алардын мамилеси пиар болчу", - деген пикир калтырышса, айрымдары түгөйлөр убактылуу эле таарынышканына жана үлпөт той сөзсүз түрдө болоруна үмүттөнүшүүдө.