Өспүрүм кезинен белгилүүлүккө жетишкен ырчы Селена Гомес эрте келген атактуулуктун терс жактарын айтты

Жакында Голливуддун жаш жылдызы Селена Гомес америкалык журналдардын биринин ийгиликтүү айымдарга арналган санына интервью берген. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, учурда Гомес болгону 25 жашта, бирок 14-15 жашында эле атактуу болууга жетишкен.

Ырчы маек учурунда өспүрүм кезден эле белгилүү болуунун терс жактарына да токтолгон. Айтымында, атактуулуктун алгачкы жылдарында коомчулуктун ага карата мамилесин түшүнө албай, түйшөлгөн учурлар көп болгон.

“Мен 15 же 16 жашта болсом керек. Көл жээкте эс алып жүрсөм фотографтар сүрөткө тарта башташты. Өзүмдү аябай жаман сездим. Элестеткиле сен кичинекей өспүрүм кызсың, а сени улуу эле эркектер сүрөткө тартып жатышат...”, - деп айтып жатып, ал кезде журналисттер тынчтык бербей калгандыктан, 2014-жылы боло турган концерттеринин баарын токтотууга аргасыз болгонун кошумчалаган.

Учурда ал жалпыга маалымдоо каражаттары жана күйөрмандары менен тыгыз байланыш түзүп, мурункуга караганда бир топ тажрыйба топтогонун жашырган эмес.

Селена Гомес алгач актриса катары таанылып, "Ханна Монтана", "Тыңчынын балдары 3: Оюн бүттү" жана башка тасмаларга тартылып, андан соң ырчылык менен алектене баштаган. Бир учурда экс-сүйүктүүсү Жастин Бибер менен кыз-жигиттик мамилеси талкууга алынып, анын жашоосуна кызыккандардын саны көбөйгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан