Кыргыз тилиндеги балдар адабияты боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнө 50 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды

Бүгүн, 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков кыргыз тилиндеги балдар адабияты боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды.

Сынакты уюштуруунун негизги максаты - кыргыз тилин кеңири жайылтууну жогорулатуу, мектепке чейинки жаштан баштап аны үйрөнүүгө шарттарды түзүү, ошондой эле балдар адабиятын кыргыз тилине которууга түрткү берүү болуп саналат. Жеңүүчүлөргө диплом, Ардак грамота жана 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Сынактын уюштуруучуларынын бири жана комиссиянын төрагасы Сулайман Рыскуловдун билдирүүсү боюнча, быйыл 3 жеңүүчү аныкталган.

"Сынак 2 жылда бир жолу өткөрүлүп байгелер коомчулукка кеңири таанылган, кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон балдар адабиятчыларына тапшырылат. Сыйлыктарга коротулган каржы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ушул жылдагы бюджетинин эсебинен жүргүзүлгөн. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо бул китептерди көп нускада чыгарып, элге кеңири жайылтуу керек".

Быйылкы жылдын жеңүүчүлөрү:

- Жазуучу Эркалы Өскөналы "Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн" номинациясына "Куйручук баланын жоруктары" жыйнагы үчүн;

- Акын, жазуучу Амангелди Мисиров "Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн" наамына "Кыялбектин жоруктары" жыйнагы үчүн;

- Акын, жазуучу жана котормочу Ысмайыл Кадыров "Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн" номинациясына "Күмүш жомоктор" жыйнагы үчүн татыктуу болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан