ЖЫЛНААМА, 13-СЕНТЯБРЬ: Асел Турдалиева туулган күнү интервью берүү менен өтүп жатканын айтты. Ырчы тууралуу кызыктуу фактылар

Бүгүн, 13-сентябрда Кыргыздын эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева 48 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктап байланышканда, бүгүнкү күнү интервью берүү менен өтүп жаткандыгын айтты.

"Быйыл туулган күнүм өзгөчө башталды. Туугандарым жана жакындарым кечээ саат 23:45те үйүмө келип, куттуктап башташкан. Кызым Кытайда болгондуктан телефон аркылуу жакшы сөздөрүн арнады. Ал эми бүгүнкү күнүм телеканалдардын биринде интервью берүү менен башталган. Ал жакта түз эфирден элдин жылуу сөздөрүн угуп, маанайым көтөрүлүп жумушка барсам кесиптештерим да белек даярдап турушуптур. Азыр радиолордун биринде түз эфирде маек берип жатсам силер чалдыңар. Эфирден чыккан соң досторум менен чогулуп отурабыз, ал эми кечинде жакындарым, бир туугандарым менен чакан кече өткөрөлү деген планыбыз бар", - деди ырчы.

Асел Турдалиева тууралуу кызыктуу фактылар:Кызы Бегайым менен

  • Ырчы 1969-жылы 13-сентябрда Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлүп, 6 айынан тарта Нарын облусунда чоң энесинин колунда өскөн;
  • Үй-бүлөдө 7 бир туугандын ортончусу;
  • Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин деканы.
  • 1998-жылы туулган Бегайым аттуу кызы бар;
  • Турмушка чыгарда жолдошун туура эмес тандаганына өкүнөт;
  • Ичине эч нерсе катпайт да, сактабайт. Учурдагы сүйгөнү чыгармачылыгын колдойт. Жалкоолугу кармап боёнгусу келбей турса, “артист эл алдында сулуу көрүнүшү керек” деп боёнууга мажбурлайт;
  • Чыгармачылыкта ырчы Гүлнара Кахарова менен жакшы сырдашарын айткан;
  • Эркектердин ала жипти аттоосун таптакыр жаңылыштык деп эсептебейт, бирок такыр эле Дон Жуан болуп кеткендерди жек көрөт;
  • Мурун кийген сахна кийимдерин эч кимге бергиси келбейт;
  • Жалгыздыктан коркот;

Ырчы сахнага жаңыдан чыгып баштаган кезде кандай болсо, азыр деле ошол келбетти сактап жүрөт. “Супер-Инфо” гезити жаштыгынын сырын сураганда буларга токтолгон.

Жаш көрүнгөнүм генден болуш керек. Аял киши өзүнөн эч нерсе аябай кымбат косметикаларды, крем-маскаларды колдонуусу зарыл, айрыкча 40 жаштан өткөндөн кийин. Тамакты да кылдаттык менен жеш керек. Азыр чөп-чарларды көп колдонуп, майлуу, куурулган тамактардан качам. Тойго барганда казы-карта көрүп калсам жебейм, жыттап-жыттап алам”, - деген ырчы.

13-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kutman-kg94
2017-09-13 14:12:04
Кызынызды берин ааа апа апов
+3
Kumarchik
2017-09-13 14:27:22
Кызы рельно сулуу экен
+1
jon.as
2017-09-14 03:47:29
Сонун айымда! Ийгилик, БАКЫТ каалайм!
0
Azatbek83
2017-09-16 23:56:10
Мен 100 процент сыйлайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан