Бишкекте ачык асман алдындагы кезектеги музыкалык кече 15-сентябрда өтөт

Бишкек шаарында ачык асман алдында өткөн музыкалык кече улантылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 15-сентябрь күнү саат 19:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында Бишкек шаарынын Ленин району боюнча алгачкы ачык асман алдындагы музыкалык кече өтөт. Борбордун тургундары үчүн мындай кечтер 1 айга чейин өткөрүлүп турат. Концертте улуттук филармониянын симфониялык оркестри жана эстрада жылдыздары ырларын тартуулашат.

Белгилей кетсек, ачык асман алдындагы кечтер 26-майда башталып, буга чейин борбордун бир канча жерлеринде өткөрүлүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан