Cелдин айынан Базар-Коргон - Арстанбап унаа жолу убактылуу жабылды
Жаандан кийинки селдин айынан Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон - Арстанбап унаа жолу бүгүн, 25-майда убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Табият кырсыгы аталган унаа жолдун 41-чакырымында болуп, көлөмү 90 метр кубду түздү. Учурда жолду тазалап калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.