Саналуу мүнөттөрдөн кийин "тамашоучу", актёр жана соңку кездерде вайнер катары өзүн сынап жүргөн Эмил Эсеналиевдин SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат.
Анын чыгармачылыгы, жеке жашоосу же социалдык тармактагы видеолору тууралуу кызыккан суроолоруңуз болсо узатсаңыз, түз эфирден актёрдун өзүнөн жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген собол ээсине белек ыйгарылат.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолоруңузду +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу берип же түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.
15:00. Эмил Эсеналиевдин SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталды. Ал алпаруучулардын билимди текшерген суроолоруна жооп берүүдө.
15:06. Юморчу видеолорунда көп колдонулган "дэң-дэң-дэң" сөзү тууралуу: ""Чала спортиктин" образын жаратып жатып мен коомдо болуп жаткан нерсени юмор кылып көрсөтүп жатам. Элдер мени "жаштарга туура эмес кылыктарды үйрөтүп жатасың" деп сынап жатышат. Акылы бар киши мен видеолорумда кылган нерселерди кайталабайт", - деди.
15:11. "Дэң-дэң-дэң" деген сөз популярдуу болот деп ойлогон эмесмин. Бирок элдин баары ошол сөздү жаттап алышты. Анын мааниси "зыңк" деген сөздүкүнө окшош", - дейт ал.
15:15. Эмил Эсеналиев колдонуучунун "Өзүңүздү кайсы жаныбарга окшоштурасыз?" деген суроосуна питбуль породасындагы итке окшош экенин айтып, аны туурап берди.
15:18. "Жол эрежесин бузбашыбыз керек. Бирок кээде шашып баратып МАИчилерге кармалып калганда алар "дэң-дэң" деп койчу деп тамашалап калышат", - дейт күлкү жаратуучу. Ал куудулдук өнөр атасынан өткөнүн айтты.
15:25. Эмил Эсеналиев кичинекей кезинде ырчы болуу жөнүндө кыялданганын айтып, "Голливудда бир киного тартылгандан көрө кыргыз радиосунда ырым жаңырса, бактылуу болмокмун", - деди. Ошондой эле ар бир актёр ырдай билиши керектигин, жакында тамашалуу ыр жаздыруу тууралуу ойлонуп жүргөнүн билдирди.
15:30. Юморчу жумуш учурунда башынан өткөргөн күлкүлүү окуяларын айтып берип жатат.
15:40. "Өзүмдүн апам 9-классымда дүйнөдөн өтүп кеткен. Эгерде кайра балалык доорума баруу мүмкүнчүлүгү болсо, апамды колумдан келишинче сыйлап, барктамакмын", - дейт ал.
15:48. "Кайнатам кесиптешим Саматтын жеке концертинде "олуттуу ролдорго өтүшүң керек" деп айткан", - дейт күлкү жаратуучу.
16:01. "Жогорку окуу жайды бүтүргөн эмесмин. "Тамашоуну" бүткөм деп айтсам болот. Буюрса, келечекте актёрлук кесипти окуп алсам дейм", - дейт ал.
16:08. Эмил Эсеналиевдин түз эфирдеги маеги жыйынтыкталды.