Эки башка өңдөгү каректери менен "Дүйнөдөгү эң сулуу кылмышкер" аталган жигит алгачкы ирет подиумга чыкты

Дүйнөдөгү "эң сулуу кылмышкер" аталган Жереми Микстин атаандашы пайда болду. Тагыраагы, автоунаа уурдагандыгы жана унааны жогорку ылдамдык менен айдагандыгы үчүн соттолгон 20 жаштагы Мехи Аланте Лаки аттуу кылмышкердин сүрөтү интернетке тараар замат анын келбетин "St Claire's Modeling Agency" моделдик агенттиги жактырган.

Чет элдик маалымат булактарынын маалыматына ылайык, жыйынтыгында агенттик аны менен келишим түзүп, 10-сентябрда Нью-Йорктогу мода жумалыгында ал биринчи жолу подиумга чыкты. Алантени көргөндөрдүн көбү анын келбетине суктанышып, "жаңы эң сулуу кылмышкер" деп атап алышкан.

Анын өзгөчөлүгү - каректеринин эки башка түстөрү. Алардын бири - көгүш, экинчиси - күрөң түстө. Мындай көрүнүш медицинада гетерохромия деп аталат. Жогоруда аталган моделдик агенттик кылмышкерди дал ушул өзгөчөлүгү үчүн жактырып калганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dosym
2017-09-13 16:04:19
Дүйнө жүзүндө ушундай тенденция пайда болду, бул жакшы эмес, жаштарды кылмышка үндөп жатат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан