ЖЫЛНААМА, 13-СЕНТЯБРЬ: Каза болгондон кийин денеси өрттөлүп, күлүн достору марихуанага кошуп чегишкен Тупак Шакур 21 жыл мурун каза болгон

Белгилүү хип-хоп аткаруучусу Тупак Амару Шакур 1971-жылы жарык дүйнөгө келген. 25 жыл гана өмүр сүргөн Шакур хип-хоп тарыхындагы эң мыкты рэпер болуп калгандыгын жазышат музыка сүйүүчүлөр. Анын өмүр баянына кызыккан адам жашоосу көптөгөн түшүнүксүз жагдайлар менен коштолгондугуна ынанат.

Түйүлдүк кези абакта өткөн

Рэп аткаруучу энесинин курсагында кезинде эле түрмөгө отуруп чыккан. Апасы Афени Шакур кара терилүүлөрдүн укугун коргогон «Black Panther» бирикмесинин мүчөсү болгон. Афени Шакур Америка өкмөтүнө каршы иш жүргүзгөн деген айып менен камакка алынып, 1971-жылы май айында абактан бошотулган.

Ырчынын ысымы хинди жана араб тилдеринен алынган

"Tupac Amaru" хинди тилинен "Жаркыраган жылдыз" деп которулат. "Shakur" сөзүн араб тилинен которгондо "ак көңүл" дегенди түшүндүрөт.

Реп ырчысы болгонго чейин балет менен алектенген

АКШнын Балтимор шаарына көчүп келгенден кийин ал искусство мектебинде актёрлук чеберчилик жана балет менен алектенген.

Убагында өтө жакыр жашаган

Белгилүү актёр Уилл Смиттин жубайы Тупак Шакур менен бир класста окуган. "Мен Тупак менен таанышканда ал өтө кедей болчу. Анын эки шымы жана эки көйнөгү гана болгон", - деп эскерет Жада Пинкетт-Смит.

Ок атуучу куралдарды пайдаланып, коркуу дегенди билген эмес

Атактуулукка жеткен рэпердин үйүнө конокко келген досу ачык терезелерди көрүп: "Ушунча бай болуп туруп, терезелериңди ачык бойдон калтыруудан коркпойсуңбу?" - деп суроо берген. Анда ырчы "калашников" автоматын алып чыгып үйүндөгү жумшак эмеректердин баарын аткылап бүтүп: "Үйүмө кирген ар бир ууруну, дал ушундай тагдыр күтөт", - деп жооп узаткан.

Мадонна менен жакын мамиледе болгон

Рэпердин жан сакчысы Фрэнк Александр Тупак Мадонна менен өтө жакын мамиледе болгондугун маалымдаган. Анын айтуусу боюнча, рэпер ырчыны сүйүп жүргөн.

Рэпер көзү тирүүсүндө канча альбом чыгарса, көзү өткөндөн кийин да дал ошончо альбому жарык көргөн

Тупак көзү тирүү кезде көптөгөн өлкөлөргө белгилүү болгон 6 альбом чыгарса, анын көзү өткөн соң даярдалып бирок жарыкка чыкпай калган дагы 6 альбому жарык көргөн. Альбомдордун саны мындан да көбөйүшү мүмкүн.

Каза болгон соң достору денесин өрттөп күлүн марихуанага кошуп чегишкен

1996-жылы 13-сентябрда рэпер октон алган жаракаттарынан улам көз жумган. "Outlaws" хип-хоп тобунун мүчөлөрүнүн айткандарына таянуу менен айрым чет элдик маалымат булактары жазгандай, Тупактын денесин достору өздөрүнүн ырым-жырымы боюнча өрттөшүп, көмөр алдында күлүн марихуанага кошуп чегишкен. Аны кимдер өлтүргөндүгү ушул кезге чейин так аныктала элек.

13-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alikkg94
2017-09-13 18:54:52
Легенда
+1
omka100514
2017-09-13 22:22:45
Достору жиндиго, тообо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан