Укук коргоо кызматкерлери 23-май күнү Ош аэропортунан башка бирөөнүн паспорту менен каттоодон өтүп чет өлкөгө учууга камынып жаткан аялды колго түшүрүштү. ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, кылмышка шектүү айым 29 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну экендиги белгилүү болду. Ал билет сатып алып, Бишкек - Стамбул багытындагы учакка отурууга даярданып жатканда текшерилип, паспорту башка экендиги билинген.
Ошондой эле бул айым жакында эле Түркиядан депортациялангандыгы да аныкталды. Буга байланыштуу ал 24 жаштагы башка айымдын паспортун пайдаланып кайрадан аталган өлкөгө кирмекчи болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.