20 жаштагы Бегимай Назарова Кыргыздын атынан Бириккен улуттар уюмунун колдоосу менен өтө турган “Жер сулуусу-2017” дүйнөлүк сулуулар сынагына катышат. Бул тууралуу аталган сынактын расмий сайты жарыялады.
Маалым болгондой, сулуулар сынагы ушул жылдын 14-октябрынан 4-ноябрына чейин Филиппинде өтөт. Назарова сынакка кандайча катышып калгандыгы тууралуу интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
“Өткөн жылы Түркияда өткөн “Дүйнө ханбийкеси-2016” эл аралык сулуулар сынагына катышып, “Достук сулуусу” наамына татып, Дүйнөлүк сулуулук жана мода конгрессинин модели болгом. Бул жылы алар “Жер сулуусу-2017” сынагына катышып көрүүнү сунушташты. Билишимче, 10 кыздын ичинен тандоо жүрүп, жыйынтыгында мени тандашкан. Мен Кыргыз жерин татыктуу көрсөтүүгө аракет кылам жана сиздердин колдооңуздарга ыраазычылык билдирем”, - деген ал.
“Жер сулуусу” сынагы – дүйнөдөгү белгилүү сулуулук сынактарынын катарына кирет. Анын негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн айлана-чөйрөдөгү көйгөйлөргө буруу. Жеңүүчү “Жер сулуусу” титулуна ээ болгондон сырткары БУУнун айлана-чөйрөнү сактоо боюнча программасын өнүктүрүүчү элчи болуп жарыяланат.