Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Бүгүн түштөн кийин уланган отурумдун жүрүшүндө жактоочулар сотко 9 жолу өтүнүч берди. Сот алардын өтүнүчтөрүнүн баарын канааттандыруусуз калтырды.
Мындан тышкары бүгүнкү отурумда Аида Салянованын иши боюнча 9 томдук соттук материалдар окулуп бүтүп, иликтөөлөр аягына чыкты. Андан соң айыпталып жаткан Салянова суралып баштады. Бирок жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу отурум токтотулуп, 15-сентябрга калтырылды.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.