Патрик Уейн Суэйзи 1952-жылы 18-августта АКШнын Хьюстон шаарында жарык дүйнөгө келген. Актёрдун апасы хореограф болгондугуна байланыштуу Патрик кичине кезинен бий ийримине катышып, "Харкнесс" жана "Жоффри" балет мектептеринен билим алган. Бийден тышкары кунг-фу менен машыгып өспүрүм кезинде эле 1-даражадагы кара курдун ээси болгон.
Патриктин бул өнөрлөрү кийин ал тасмага тартылып жаткан учурда кереги тийген. 1979-жылы актёр эң алгач "Скейтаун" тасмасында роль жараткан. Футбол ойноп жатып алган жаракатынан улам ал профессионалдуу балеттен кеткенге аргасыз болуп, бирок ага карабай актёрлук чеберчилик боюнча сабактарды ала баштаган. 1984-жылы "Кызыл таң" аттуу киного тартылган. "Көрүмчү", "Толкун менен бирге", "Ыплас бийлер" тасмаларында башкы ролду жараткан соң Голливуддагы эң популярдуу актёрлордун бирине айланган. Актёрлук чеберчиликтен тышкары ырларды жазып жана аткарган.
2005-жылы актёрдун дарыгери анын макулдугу менен залалдуу шишик менен күрөшүп жаткандыгын маалымдаган. 2008-жылы Патрик Суэйзи дарылануунун натыйжасында абалы жакшы болуп калгандыгын жар салганы менен, 2009-жылдын 9-январында өпкөсүнө суук тийди деген аныктама боюнча бейтапканага жаткырылган. Ушул эле жылдын 14-сентябрында 57 жаш курагында Суэйзи жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Ал өлүмүнө жакын жубайы менен биргеликте мемуар жазууну пландап, бирок аны ишке ашырууга жетишкен эмес.
"Патрик орой, ошол эле маалда мээримдүү болгон. Ал күчтүү жана келишимдүү эле. Тасмадагы бардык трюктарды ал дайыма өзүм аткарам дечү, ошол себептен ал илдети менен ушунча жыл мыкты күрөшө алды", - деп эскерет актриса Женнифер Грей. Ал Патрик менен биргеликте "Ыплас бийлер" тасмасында башкы ролду жараткан.
14-сентябрдын жылнаамасы.