Пекиндеги жарманкеде кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү тартууланды

Пекинде өткөн маданият жана креативдүү өнөр жарманкесинде кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү менен жасалган сувенирлери көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарманке 11-сентябрдан 13-сентябрга чейин улантылган.

Жарманкенин максаты - маданиятты, билимди, техниканы интеграциялоо жана жаңы ыкма менен өнүгүүнү улантуу. Аталган иш-чарага дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрү катышкан.

Кытайдагы Кыргыз элчилиги жарманкеге сувенирлерди, уз-чеберлер тарабынан даярдалган көрсөтмө куралдарды жана өлкөнүн туристтик потенциалын чагылдырган журналдарды алып чыккан. Мындан тышкары Кытайда билим алып жаткан кыргыз студенттери көргөзмөнүн катышуучуларына "Кыргыз бийин" аткарып берди.

"Иш-чаранын алкагында Пекин аукциону, маданият, каржы жана инновация саммити, маданият жана тил эл аралык форуму өттү", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан