Америкалык Eckhaus Latta кийимдер брендинин жарнактары жана жаңы кийимдер топтомунун мода көргөзмөлөрү шоу менен гана коштолбостон чуу жаратып келгендигин жазышат чет элдик маалымат булактары. Анын дизайнерлери ушул жылдын жаз-күз мезгилдери үчүн чыгарылган кийимдеринин мода көргөзмөсүнө түрдүү курактагы жана түрдүү дене түзүлүштөгү моделдерди чакырышкан. Алардын арасында кош бойлуу келин да болгон.
Нью-Йоркто өткөн мода жумалыгына келген кош бойлуу келин узундугу тизеден ылдый келген күлгүн түстөгү көйнөктү кийип чыкканда көпчүлүк анын кийимине эмес, курсагына көңүл бурган. Анткени көйнөктүн курсагы ачык калган.
Буга чейин Eckhaus Latta'нын дизайнерлери Майк Экхаус менен Зоя Латта жаңы кийимдер топтому үчүн жарнамалык фотосессия уюштуруп, "аша чапкан" сүрөттөрдү элге жарыялаган. Албетте, сүрөткө тартылган кыздар менен жигиттер дизайнерлердин кийимин кийгени менен, сүрөттү көргөндөр алардын кийимине эмес сексуалдык аракеттерине көңүл бурушуп, мода индустриясы үчүн бул таптакыр "орой" көрүнүш деп сыпатташкан. Бул көрүнүштөн кийин көпчүлүктүн нааразычылыгы тарай электе кош бойлуу келинге туура келбеген көйнөктү көрсөттү деген пикирин билдиришкен жумалыкка келгендер.