Орусиялык рэпер Тиматинин сүйлөшкөн кызы үлпөт көйнөгүн тандоодо

Белгилүү орусиялык рэпер Тиматинин сүйлөшкөн кызы, 21 жаштагы модель Анастасия Решетова үлпөт көйнөгүн кийип түшкөн сүрөттөрүн интернеттеги баракчасына жарыялаган.

Анастасия эки башка үлпөт көйнөгүн кийип, өзүнүн баракчасына катталган колдонуучуларына "кайсынысы мыкты?" деген суроо салган.

Колдонуучулардын көбү модель жакында турмушка чыга тургандыгын белгилешсе, айрымдары бул жөн гана фотосессия экенин айтышкан.

Маалым болгондой, Анастасия 3 жылдан бери рэп аткаруучу Тимати менен кыз-жигит мамилесинде. Түгөйлөр көп убакыт өзүнүн мамилелерин жарыялашкан эмес. Анастасиянын Тимати менен түшкөн сүрөттөрүн көрүү үчүн анын интернеттеги өздүк баракчасына 1,5 миллиондон ашык колдонуучу катталган. Модель да ага катталгандарды эриктирбей, рэпер менен түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жүктөп турат.

Тиматинин жана анын мурунку сүйгөнү Алёна Шишкованын ортосунда 3 жаштагы кызы бар, буга карабастан баш кошууга жетпей эле экөөнүн ашыктык мамилесине чекит коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
dasta
2017-09-14 16:49:42
Анастасиянын фигурасы дынго
0
altynka95
2017-09-14 17:40:33
Алёна жагат
+3
tulpar90
2017-09-14 17:50:32
Зынк экен
0
Lekarstvosvoegomuja
2017-09-14 17:56:36
3чу суротто тимоштун колу каякты кармап турат ☺☺
0
nurzada78
2017-09-15 09:38:35
Lekarstvosvoegomuja,Кыздын белин кармап турат го
+1
ice87
2017-09-14 22:02:58
Анастасиянын фигурасы зынк экен.Лицосу не очень.Шишкова жакты
+1
Han1
2017-09-14 22:28:47
Биринчи аялы жакшынакай экен
+2
karasuu
2017-09-15 01:03:50
Эми ушул кызына апа болобу тээги?!
0
nurzada78
2017-09-15 09:36:50
Решетовасы деле Шишковасына окшош экен,айырма жок!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан