Ырчы Асел Кадырбекова: "Банкрот болгон жокмун, бизнесте өзүмө тажрыйба алдым"

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Асел Кадырбекова банкрот болду, ал эми жеке жашоосу..." аталышындагы видео жүктөлгөн. Видеодо Аселдин мындан 6 ай мурун кийим саткан дүкөн ачып, банкрот болгондугуна байланыштуу андагы эмеректерин сатуу менен убара болуп жаткандыгы баяндалган.

Бул видеого ырчы бийкеч кымындай да терикпегендигин өзү биздин порталга айтып берди.

"Эртең менен ойгонсом интернет аркылуу 5 кишиден ушул видео келиптир. Көрүп алып күлкүм келди. Эми бир жумушу жок адамдын жасаганы болсо керек", - деди ал өзү жөнүндө даярдалган видеонун ага берген таасири туурасында.

Ырчынын айтымында, жаз айларында тааныш кыздарынын бири менен биргеликте бизнес жүргүзүү максатында дүкөн ачышкан. Бирок учурда алар ар кимиси өз алдынча иштөөнү туура көргөн.

"Бул жумуш бизге жакшы киреше алып келе баштаганда мага шерик болгон кыздын пикири өзгөрүлдү. Мындан улам биз чогуу иштешпейбиз деген чечимге келдик. Бөлүнгөндөн кийин дароо эле кайра дүкөн ачууга убактым да, даярдыгым да жок болгондуктан жабууга туура келди. Мен бул дүкөндү чоң киреше табам деп эмес, жеке ишкер катары тажрыйба алам деген ой менен ачкандыктан анчалык деле кейий турган эч нерсени сезген жокмун. Чынында аз да болсо көзүм ачылып, бизнес - оюн эмес экендигин, ал үчүн алдын ала түзүлгөн пландар, кимдир бирөө менен шерик болбоо керек экенин түшүндүм. Андыктан мени банкрот болду дегендик туура эмес, мен жеке ишкерчиликте тажрыйба гана алдым", - дейт Кадырбекова.

Видеодо анын Нурлан Насиптин туулган күнүндө куттуктабагандыгы айтылып, жеке жашоосунда да банкрот болгонбу деген суроо жолдонгон. Асел азырынча бул боюнча эч кандай комментарий бере албай тургандыгын кошумчалады.

"Жеке жашоо - бул менин жашоом, ал тууралуу сөз кылгым келбейт. Убагы келгенде баарын айтабыз", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
adiaza
2017-09-14 15:37:28
Азыр баары тааныш аркылуу болуп калбадыбы, Асель озун дайыма пиар кыла берет, видеону деле озу жуктоттуруп коюп
+9
adiaza
2017-09-14 15:47:25
Аз аздан пиар кылып турса жакшы болмок, акыркы кундору ашыкча болуп баратат элдер тажай баштады
0
Pchelka85
2017-09-14 16:12:06
Деги биздин бизнес вумен ырчы кыздарыбыз озулору эле кыйын)))) банкрот болсо банкрот болдум деп эле айтпай бы. Каймактап майлап Тажрыйба дебей...
+4
admin_superstan
2017-09-14 16:15:32
kechirmeni, sirgak_92, Stervashka, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Dembele84
2017-09-14 16:33:35
Туну куну уктабай окуп отурам,ушулардын шоу бизнесин
+7
tavanova.sarah
2017-09-14 16:42:33
"Анжеликадай" боломун деп атса керек да))
+2
Aidan88
2017-09-14 16:56:37
Nurlan ekoon da Samara Anjelikadai bolup tajattyn go , jeke jashoom ubagynda aitam dep , senin jawoono Kim ele kyzygyp atyptyr.bir suilowpoi kaldyk ,bir kaira jarawtyk dep ele. Uilonsonor uilonup degi bir nerse kylgylachy.super.kgden silerden bashka yrchylardyn maegin janylygyn okubai kaldyk go ,
+6
Rasul94
2017-09-14 17:09:41
Aidan88,туура.оюна кошулам.
+4
madrid7000
2017-09-14 17:40:45
ЧЛ жыйынтыгын неге жазбайсынар
+1
admin_superstan
2017-09-14 17:50:19
madrid7000, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
Rasul94
2017-09-14 18:07:18
madrid7000,туура жаздын ушуну.супер инфо жамааты чл ны эртеменен 10 дорго эле жазсанар болот.канчалаган футбол суйуучулор коро албай калат.мен азыр жыйынтыкты жазсам сенден ким сурап жатат деген жооп болушу мумкун
+1
admin_superstan
2017-09-15 14:24:12
Rasul94, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
Lekarstvosvoegomuja
2017-09-14 18:31:18
Асешь, банкрот болгондо банкрот болдум деш керек. Ал да мойнуна.
+3
Aisuluu22
2017-09-14 19:08:59
Аселди куурчак кылып ойнодуго нурлан.Кейпин келиштирип )Тен тени мененда .
+3
Rasul94
2017-09-14 20:12:02
мен нурлан болсом давно алып торотуп койот элем
+5
adiaza
2017-09-14 21:31:29
Бул Асельдин super.kg жакшы таанышы бар окшойт кечке эле жаза беришет пиар кылып.
-1
Han1
2017-09-14 22:33:03
Менин оюмча Нурлан экоо уйлонбойт
+3
lalaley
2017-09-14 22:48:21
Нурлан озундой жонокоой кыз алганы эле жакшы Асельди чоектотпой,мага жагат Нурлан.
+3
mirlanpiter
2017-09-16 02:01:38
Россияда ольга Бузова Кыргызстанда бул
+1
Ferdews
2017-09-16 14:09:13
mirlanpiter,туура айтасын москвада Бузова хит парад деп, бул жакта бул.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан