Ырчы Айпери Кубик кызы: "Айланайын, кыргызымдын жигиттери, мени кызганганды токтоткула"

Кыргыз эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы Куба Республикасынын ырчысы Хосе Агроманте менен өзүнүн уулуна арналган "Дани" аттуу ырын жаздырган. Ырчы бул ырды Хосе менен биргеликте көптөгөн тойлордо аткарып, ошол учурдагы видео, сүрөттөрүн интернеттеги баракчасына жайгаштырып турат.

Анын бул сүрөт, видеолору кызуу талкууга алынып, күйөрмандарынын арасында Айпери менен Хосе жакын мамиледе деген кептер тараган. Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү экөөнүн ырдап жаткандагы видеосуна: "Айпери Хосеге ашыкча эле жабыша берет" деген сын-пикирлерин калтырышкан. Мындан тышкары "Кыргыз жигит таппай калсаң мен бармын, мага байланыш", - деген маанидеги билдирүүлөрдүн да саны басымдуу.

Айпери Кубик кызы Хосе менен жөн гана дуэт жаздырганын, экөөнүн ортосунда эч кандай жакын мамиле жок экендигин SUPER.KG порталына билдирди.

"Кээ бир күйөрмандарга таң калам, бир адам менен ырдап койсоң эле дароо чогуу "жашатып" жиберишет. Хосе экөөбүздү чыгармачылык гана байланыштырат. Анын өзүнүн жубайы, баласы бар. Жубайы Елена менен мамилем жакшы. Азыр биздин дуэт үчүн тойго чакыруулар көп түшүп жатат. "Дани" аттуу ырыбызга клип тарттырып бүттүк, эки-үч күндүн ичинде жарыкка чыгат. Клип тартуу учурунда Елена биз менен чогуу жүрдү", - дейт ал.

Ырчы социалдык тармактагы баракчасына: "Айланайын, кыргызымдын жигиттери! Мени кызганганды токтоткула! Хосенин сонун Елена деген аялы бар. Бул биздин жумуш. Дуэт деп коёт. Оюңарды оңдогулачы кичине. Калп эле баатыр болгонду токтоткулачы!" - деген билдирүүсүн калтырган.

Хосе Агроманте менен Айпери Кубик кызы тойдо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
surgeon777
2017-09-15 00:54:02
Данинин атасы эмеспи случайно?
-4
bom.bon
2017-09-15 05:17:46
Айпери жаным, сени башкасынан кызгансамда, бул негрден кызганбайм)
+1
Nibiru.
2017-09-15 07:18:41
Дан дан, вай - ваай дегенинер ото кызык экен. Бети тамылжып, жыргап турат дегениер андан отот. Куло берип жыгылып калдым. Байкуш Айпери окуса алган кайфы бузулуп, жаман эле болот го.
0
kechirmeni
2017-09-15 08:35:14
Урматтуу админ, сураныч комменттерди козомолдоп койсонуздар,эмне деген ыплас создор айтылыптыр.
0
kutman-kg94
2017-09-15 09:02:22
Хосеники ХХХХ болсо керек озу дагы
0
admin_superstan
2017-09-15 14:09:59
kutman-kg94, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Eleko
2017-09-15 09:21:58
Тооба,бир мааниси жок,же уну болсо
-2
nazira...
2017-09-15 10:19:55
Ким кызганат имиш бул кызды, жон гана кызга тыюу деп эсептейм.Эркектер Айперини карындашындай коруп айтып аткандарын тескерисинче тушунуп алган тура байкуш Айпери. эмнеси болсо да куйоосу жок да, болгодо эмне дээр элен Айпери? Атан бирок тушунуктуу эле киши корунот ким билет сахнанын аркасында кандай экенин.
-2
arimaz89
2017-09-15 11:06:48
Жакшы чыгыптыр. Ийгилик!
+2
askar_myrza
2017-09-15 11:08:04
Коро албастык деп коёт муну .... Айперинин кыргыздар менен ыры жокпу эмне .... Муну дует деп коёт ... Ал Энрике менен ырдайт силердин кандай ишинер бар ... Же жатып журсо же болбосо турмушка чыгып алса айтсанар болот КыРгЫз жигит таппай калыптырбы деп... Бул КОРО АЛБАСТЫК......
+2
Crokus
2017-09-15 14:03:54
Ушул кыргыздын интернеттеги патриоттору куйгузот да.
0
Crokus
2017-09-15 14:05:42
Кана эркек намыс болсо озундо,
Конул буруп тушуноорсун созумо.
Алдап койдум тигил кызды дебечи,
Карындашын эжен барго озундо.
0
admin_superstan
2017-09-15 14:06:59
Nazaroff1974, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга, жеке айтышууларга тыюу салынган. 10 күнгө БАН!
0
Crokus
2017-09-15 14:07:10
Азыр заман наалат болуп турабы,
Бузулду деп айтат балдар кыздарды.
Аны бузган акыл айтпай алдашкан,
Алар кимдер ошол эле балдарбы.
0
Crokus
2017-09-15 14:09:46
ЭХх ар бир аруу аял затына акыл эстуу эркек жолукса экен
+1
kyrgyzali
2017-09-15 14:13:03
Турмуштан ажырап кайдагы улуттарга жанашып куноону уйуп жататда, негр менен ырдагандын ордуна тезирээк кыргыздардын жигитинен эр таап тий
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан