Талас шаарындагы драма театр имаратынын курулушун аягына чыгаруу үчүн 45 миллион сом бөлүндү

Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы драмалык театрга президенттик фонддон 45 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, каражат аталган театрдын курулуш иштерин аягына чыгаруу жана ага керектүү жабдыктарды сатып алуу үчүн Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине каржылык колдоо көрсөтүү максатында бөлүнгөн.

Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nanei
2017-09-15 09:11:23
Ой бооой 20жылдан бери бутпой койдуго ушул имарат. Жеп эле жатып акчаны.
0
Kanat.tls
2017-09-15 10:59:43
Шайлоого жакын эмнелер гана болуп жатат. Шайлоо 3 жылда бир болсо болмок экен.
0
Rasul94
2017-09-15 12:51:09
таластыктар театрды эмне кыласынар андан коро ошого спорт зал салдыргыла бала чаканарга жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан