"Global Charity Queen" эл аралык сулуулар сынагына Кыргыз өлкөсүнөн модель Алтынай Абдымомунова катышууда. Бул тууралуу аталган сынактын сайтында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, сынак 12-сентябрдан 23-сентябрга чейин улантылып, ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн 50 бийкеч катышат.
Эске салсак, Абдымомунова "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагына катышып, бирок финалында уюштуруучу тарабынан сынактан четтетилген. Анын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы мындай чечимди Алтынайдын сынакка даярдыгы жоктугунан улам кабыл алганын айтып чыккан. Көп өтпөй Алтынай Абдымомунова интернетке Самидин кызынын аны сынактын финалына киргизбей жаткандагы жана сынактын катышуучуларына карата жасаган мамилесин билдирген видеолорду жарыялаган.
Бул боюнча сынактын 4 катышуучусу уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызынын үстүнөн арыз менен милицияга кайрылышкан. Бирок Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул иште кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш иши козголбой тургандыгын маалымдаган.