"Банд'Эрос" тобунун мурунку солисти Рада Змихновскаянын көз жумгандыгы маалымдалууда

"Банд'Эрос" тобунун мурунку солисти Рада Змихновская каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматка ылайык, ырчынын өлүмү тууралуу кабарды анын жакындары тастыкташкан. Ырчы мындан бир нече күн мурун комага түшкөн. Мындай абалга ал Калифорниядагы курбусу менен жолукканы барган кезде туш болгон. Ырчынын өлүмү мээсине кан куюлуп кеткендигине байланыштуу деп болжолдонууда.

"Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет көрүшкөнү менен натыйжа чыккан эмес. Змихновская бүгүн, 14-сентябрда эртең менен жарык дүйнө менен кош айтышты" - деп жазылат маалыматта.

Рада Змихновская "Банд'Эрос" тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Ырчы 2007-жылы кош бойлуулугуна байланыштуу долбоордон кеткен. 2005-жылы Москвада негизделген бул топтун "Коламбия Пикчерз не представляет" жана "Не зарекайся" аттуу ырлары хит болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Dembele84
2017-09-14 21:36:46
Жылдыздуу сонун ырчы болчу.
+6
Take_men
2017-09-14 23:03:40
Коламбиясы мага жакчу эмес
-3
luka.mlal
2017-09-15 02:40:20
Жаткан жери жайлуу болсун
+2
Soni130587
2017-09-15 08:24:47
Жакшы ырчы болчу жаткан жери жайлуу болсун.
+2
admin_superstan
2017-09-15 11:33:40
gulmira12345, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Этика нормаларын сактабагандыгы үчүн 3 күнгө БАН!
-3
anuvar0903
2017-09-15 12:43:01
Ии
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан