Англиялык жазуучу Эрика Жеймс жазган "50 кыр" трилогиясы 3-бөлүгүн экрандаштырды. Тасма көрүүчүлөргө 2018-жылдын февраль айында чыгат. Чет элдик басылмалар маалымдагандай, азыркы учурда көрүүчүлөр кинонун трейлерине күбө боло алышат.
Кинонун 3-бөлүгүндө башкы каармандар Грей менен Анестейша баш кошуп, бал айын өткөрүү үчүн тропикалык өлкөгө эс алганы барышкандыгы жана ал жакта болуп өткөн кызыктуу окуялар чагылдырылат.
Эскерте кетсек, фильмдин 1-бөлүгү - "Грей мырзанын 50 кыры" 2015-жылы жарык көргөн. Ал эң популярдуу кино аталып, өзүнүн жаратуучуларына жарым миллиард долларга жакын киреше алып келген. Кино тартууга сарпталган каражаттын суммасы 40 миллион долларды түзгөн.
2017-жылдын башында 55 миллион долларга тартылган "50 кырга күңүртүрөөк" аталыштагы бөлүгү жарыкка чыгып, 338 миллион доллар киреше алып келген.
Кинонун жаратуучулары тасманын 3-бөлүгү рекорддук суммадагы каражат алып келиши мүмкүн экендигин айтышууда.