ЖЫЛНААМА, 15-СЕНТЯБРЬ: Актёр Том Хардини аракечтик менен баңгиликтен тасма дүйнөсү алып чыккан. Ал бүгүн 40 жашка толду

Ата-энесинин жалгыз уулу болгондуктан эрке өсүп, ал тургай өспүрүм кезинен тескери жолго түшүп кеткен британиялык актёр Том Харди бүгүнкү ийгилигине кантип жеткен? Харди бүгүн, 15-сентябрда болгону 40 жашка толгону менен, 44 фильмде роль жаратууга үлгүрүп, көптөгөн өлкөлөргө атагы чыкты.

Ал башкы каармандардын образын жараткан «Темный рыцарь: Возрождение легенды», «Выживший», «Легенда» жана башка фильмдери тасманын жаратуучуларына ири киреше алып келип, анын актёрлук чеберчилигине көз салган режиссёрлордун саны көбөйдү.

Том Харди 1977-жылы Лондондун батыш жагындагы Хаммерсит аймагында төрөлгөн. Апасы Энн сүрөтчү, атасы Эдуард жарнамалык роликтер менен комедияларды жазган. Буга байланыштуу Том бала кезинен тартып эле актёрлук чеберчилик боюнча билим алуу үчүн ийримдерге бара баштаган. Ата-энеси Томдун жакшы билим алуусу үчүн болгон аракетин жумшашкан, алардын ашыкча эркелетүүсү уулунун өз каалаганын жасоого көндүргөн. Мунун кесепети 13 жашынан окууга болгон кызыгуусу жоголуп, спирттик ичимдиктерди татып көрүүгө алып келген. Бир жылдан кийин баңгизатын пайдаланууга өткөн. Ошентип ал жакшы делген мектеп-интернаттан чыгарылган.

15 жашында денесине татуировка тарттырып, жыл өткөн сайын анын саны көбөйүп турган. Анын денесине тартылган сүрөттөргө кызыгуу арткан моделдик агенттик кызматташууга чакырганы менен Томдун баңгилиги ал жерде көпкө иштөөгө жол берген эмес.

Мындай абалдан Том Хардини «Братья по оружию» сериалы алып чыккан. Аталган тасмада катардагы жоокердин ролуна сунуш түшүп, аны ойногондон кийин Хардинин тасмага тартылууга болгон кызыгуусу да, ишеними да күчөгөн. 40 жашка толгон Харди бүгүнкү күндө тасмада да, театрда да мыкты роль жаратууга жетишип келе жатат.

ТОМ ХАРДИ СҮЙҮҮДӨ

Том Харди Сара Уорд аттуу актриса менен таанышып, 3 аптага созулган кыз-жигиттик мамиледен кийин баш кошушкан. Бирок чечкиндүү түгөйлөрдүн бул никеси Сара анын баңгилигине байланыштуу реабилитациялык борборго түшкөнүн билгенден кийин бузулган. Андан кийин Линда Пак аттуу телеалпаруучу менен сүйүү мамилесин куруп, бирок көп өтпөй алар бири-бирин жаңылыш тандап алганын билдирип чыгышкан. Андан кийин Том жүрөгүн актриса Рейчел Спидге ачып бир уулдуу болушканы менен, нике шакегин тагынуу чечимин кабыл албай ажырашкан.

Учурда Том Хардинин сүйүктүү жубайы - актриса Шарлотта Райли. Алардын сезимдери "Грозовые ворота" тасмасында биргеликте роль жараткан учурда тутанып, бир жылдан кийин Том актрисага үйлөнүү сунушун киргизген. 2010-жылы баш кошкон жылдыздар биргеликте 2 баланы тарбиялап келет.

15-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
emmasha
2017-09-15 19:59:52
Мага жагат бул актер. Кинолорун суйуп кором.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан