ЖЫЛНААМА, 16-СЕНТЯБРЬ: Аялы менен урушуп кетип чыпалагын кесип салган актёр Микки Рурк 65 жашка толду

Микки Рурк 6 жашында ата-энеси ажырашып, апасынын колунда калат. Каардуу өгөй атасынан ар кандай сөздөрдү уккан келечектеги актёр үйүнө көп жолобой "көчө баласы" болуп чоңоёт. Анын толук аты Фи́лип Андре Рурк 1952-жылы жарык дүйнөгө келген. Дайыма ар кандай айың-кеп, ызы-чуу ээрчип жүргөн Миккинин жашоосу кызыктуу фактыларга бай.

Белгилүү бейсболчунун ысымын алып жүргөн актёр

Микки бир туугандарынын улуусу, андан кийин ата-энеси Жозеф жана Патрисия аттуу кыздуу болушат. Актёрдун атасы бейсболчу Микки Мэнтлдын күйөрманы болгондугуна байланыштуу баласын көп учурда Микки деп атаган.

Катаал жылдар коштогон балачак

Апасынын колунда калган Микки башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрөт. Апасы кайрадан турмушка чыккандан кийин өгөй атасы баланы көп сабап, Микки үйүнө жолобой калат. Ал "көчө балдарына" кошулуп убактысы ошол достору менен өтчү. Миккинин досторунун арасында баңгизатын саткандар, жеңил ойлуу кыздар болгон. Актёр бала кезинен эле ызы-чууга жакын болуп, орой мүнөзгө ээ болчу. Ачуусу келсе мушташа кетүүдөн кайра тартпагандыгын байкаган достору ага спорт менен машыгып, ичиндеги болгон бугун, энергияны спорттон чыгарууну сунушташат. Ошентип актёр бокс менен машыга баштаган.

Сахна үчүн жаралган адам

Драмалык мектепти бүткөн соң Миккиге пьесада ойноо сунушу түшөт. Сахнага - эл алдына биринчи жолу чыкканда эле Микки ал чыгармачылык үчүн жаралганын сезет. 1979-жылы болгону 400 доллар менен өмүрүндө барып көрбөгөн Нью-Йоркко Ли Страсбергдин актёрлук студиясына окуу үчүн келген.

Жакшы жыйынтык бербеген пластикалык операциялар

Микки Рурк мыкты актёр гана болбостон белгилүү боксчу. Ар профессионалдуу рингде 8 беттеш өткөрүп бир да жолу жеңилүү ызасын тарткан эмес. 6 жолу жеңип, 2 жолу тең чыккан. Миккинин бул кызыгуусу анын сырткы келбетинин бузулушуна алып келген. Жүзүндөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында бир нече пластикалык операцияларды жасаткан. 2015-жылы жасалган операция актёрдун сырткы келбетин жакшы эмес жакка өзгөрткөн.

Көп жыл күткөн ийгилик

Киного тартылуу үчүн Микки 78 жолу сынакка катышкан, бирок бир да жолу ага роль сунушташкан эмес. 1979-жылы гана ал өзүнүн биринчи эпизоддук ролун "Дене ысыгы" аттуу кинодо ойногон. Актёр өзүнүн биринчи ролун ойногондон 30 жылдан кийин гана "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Актёрго болуп көрбөгөндөй популярдуулукту "Франческо", "Биздин жигит", "9 1/2 жума" деген тасмалардагы ролдору алып келген.

Чуулгандуу актёр

Руркту чыгармачылыкта да, жеке жашоодо да дайыма ар кандай айың сөздөр, чыр-чатактар ээрчип келет. Микки канча агрессивдүү, темпераменттүү актёр болбосун ал башкалардан айырмаланып бир да жолу журналисттерге, тынчтык бербеген папараццичилерге колун көтөргөн эмес. Тескерисинче, ал ар дайым берилген суроолорго жооп берип, сүрөткө түшүп берүү сунушун ырахаттануу менен аткарат. Актёр үйүндө жети ит кармайт. Анын мурунку жубайларынын айтымында, үйүнүн ичинде дайыма баш аламандык орун алып турат, актёр каалаган жагына тамекинин калдыктарын, жуксуз идиштерди таштай берет жана тамак тандабай жейт.

Жеке турмушундагы бактысыздык

Актёр өмүрүндө эки жолу үйлөнгөн, биринчи жубайы Дебра Фойер менен бирге 7 жыл өмүр сүргөн. Ал эми экинчи жубайы Керри Отис менен тасма тартылып жаткан маалда таанышып "Жапайы орхидея" фильминде бирге роль жаратышкан. Тилекке каршы, бул мамилелер да көпкө созулбай 6 жылдан соң ажырашып кетишкен. Отис менен бирге жашап жүргөн кезинде аны менен катуу урушуп кетип, ачууланган актёр чыпалагын кесип салган. Миккинин айтымында, ал эч качан моюну ичке, буту кыска аялдар менен мамиле курган эмес.

Биринчи жубайы Дебра Фойер

16-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eldar96
2017-09-16 17:08:39
"Город грехов" тасмасында оз ролун мыкты гана аткарган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан