ЖЫЛНААМА, 17-СЕНТЯБРЬ: Ырчы Расул Маматкулов туулган күнүн тоо коюнунда белгилеп жатканын айтты

Бүгүн, 17-сентябрда Кыргыздын Эмгек сиңирген артисти Расул Маматкулов 51 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктоо максатында байланышка чыкканда, учурда достору менен "Ала-Арча" капчыгайында эс алып жүргөнүн айтты.

"Түнкү саат 12де Орусияда жүргөн уулум Руслан байланышка чыгып, андан соң кыздарым, жубайым куттукташты. Бүгүн таң атпай досторум үйгө келип, мени "Ала-Арча" капчыгайына алып келишти. Азыр жоро-жолдоштордун баары чогулуп, туулган күнүмдү жакшы маанайда тоо коюнунда белгилеп жатабыз. Ал эми кечинде үй-бүлөм менен чогуу болоюн десем, 3 тойго барып ырдашым керек экен. "Жакшы күндө элимдин жакшылыгында болуу - чоң бакыт" деп өзүмдү алаксытып отурам", - деди ырчы күлүп.

Расул Маматкулов тууралуу кызыктуу фактылар:Үй-бүлөсү менен

  • Ырчы 1966-жылы 17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган;
  • 1989-жылы “Жаштар фестивалын” жеңип алып, ошондон тарта чыгармачылыкка баш-оту менен киришкен;
  • Ага “Мен бийге чакырсамбы?”, “От болдум” ырлары популярдуулук алып келген;
  • Кесиби боюнча опера ырчысы, бирок эстраданы тандаганына өкүнбөйт;
  • 16 жашынан бери узун чач менен жүрөт;
  • Күрөш менен машыгып жүрүп бутун кокустатып, операция болгон соң спорт менен машыгууну токтоткон;
  • Ырчы шоу-бизнес өкүлдөрүнүн ичинен эң кымбат саат тагынгандардын катарына кирет. Анын учурдагы саатынын баасы - 10 миң доллардын тегерегинде;
  • Орус улутундагы жубайынан Жанна аттуу кыздуу жана Руслан деген уулдуу болгон соң эки башка жолго түшүп, учурдагы жубайы Катяга үйлөнгөн.

17-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
bakan
2017-09-17 13:56:48
Расул Ака дордой базарында журот го аялы кичинекей кызы менен килем саткан жакта.
+2
Ali80
2017-09-17 18:53:37
bakan, туура айтып атат Ала-арча эмес эле дордойдо журот. Уялбай эле айтса болмок экен ачыгын, же уялабы дордойдо журом дегенден. 50дон ашса деле жылдыз оорусунан айыга элек го
+2
laboom
2017-09-17 14:35:22
Janna menen ruslan kayakta?
+3
Elnura08
2017-09-17 14:55:13
Суроттогу баласы Руслан да э?
+3
Nanei
2017-09-17 16:47:03
Катясынын оз аты кандай???
+2
aigerimosh
2017-09-18 09:50:24
Nanei,Жамиля
0
Nanei
2017-09-17 16:48:02
Ырларынын кобу плагиат
+2
AKCAHAT
2017-09-17 16:50:42
Семейка синба)) чачтары окшошко тегиз
+4
Nanei
2017-09-17 17:04:37
Катя менен Расул эгиздердей окшошуп калыптырго
+2
Rasul94
2017-09-17 17:36:40
туулган кунунуз кут болсун.ырларыныз хит болсун
-1
Ali80
2017-09-17 18:56:59
Мен бугундон баштап уважать этпей калдым калп суйлогону учун
+2
aika0906
2017-09-17 23:23:30
Значить Айгерим озунун кызы эмес экен да..ал Катянын эрчитип келген кызы окшойт?
+2
ulik.uma04
2017-09-19 13:29:12
aika0906,ооба айгерим расулдун эмес.тургуналы нурматовдун кызы.[moderated]дан жазсан чыгат айгерим тургуналыга окшош
0
nur72
2017-09-19 02:06:29
туулган кунунуз кут болсун
омурунуз узун болсун
уй-булоонуз менен аман болунуз

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан