Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолукту. 40 миңдей жергиликтүү жашоочу саясатчыны колдоого келишти. "Республика" партиясынын лидери жолугушуу учурунда чет жерде эмгектенген мекендештерге да кайрылды.
"Сиздер, баардыгыңыздар, тандоо жасаардан мурун эсиңиздерге түшүргүлөчү, кантип кыйналып Москвада, Екатеринбургда, Новосибирскте, Сургутта, Казакстанда, базардабы же болбосо жолдобу, же дагы бир кайсы жерде кыйналып иштейсиздер. Онуңар биригип бир батирге батпай жашап жүрөсүздөр. Мен ишенем, сиздер мени колдойсуздар. Мен сиздерге иш орундарын түзөм, сиздер мекенибизге, балдарыңыздарга жана ата-энеңиздерге кайтып келесиздер", - деди Бабанов.