Орусиянын Сочи шаарында XVI эл аралык "Жаңы толкун" сынагы аяктады. Басылмалардын жазганына караганда, 3 турга бөлүнгөн музыкалык жарыштын жеңүүчүсү деп 3 катышуучу табылган.
Тактап айтканда, өзбекстандык Сардор Милано, молдавиялык "DoReDos" тобу жана армениялык Эрна Мир 362 баллга ээ болушкан. Жыйынтыгында үчөө тең жеңүүчү деп табылып, байге фондуна коюлган 6 миллион рублду (7 миллион 158 миң сом) бөлүп алмай болушту. Сынакка жалпысынан 14 катышуучу келип, Кыргыз жеринин атынан эч ким катышкан эмес.
Белгилей кетсек, "Жаңы толкун" сынагы 2002-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. 2014-жылга чейин Юрмала шаарында өтсө, 2015-жылдан тарта Сочи шаарында өткөрүлүп келет.