"ART-ORDO" эл аралык театрлар фестивалында Бактыгүл Чотурованын калемине таандык "Тумар ханыша" спектакли Гран-Приге ээ болду

Бишкекте кечээ, 16-сентябрда "ART-ORDO" VI эл аралык театрлардын фестивалы соңуна чыгып, Гран-Прини Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры койгон акын, драматург Бактыгүл Чотурованын калемине таандык "Тумар ханыша" спектакли жеңип алды. Жагымдуу жаңылыкты SUPER.KG порталына Бактыгүл Чотурова өзү сүйүнчүлөдү.

"Фестивалга жалпысынан 10дон ашуун спектакль катышып, алардын ичинен "Тумар ханыша" баш байгеге ээ болду. Кубанычымда чек жок. Негизи мен бул драманы жазып гана койгонум болбосо, ага жан берип жаткан театр кызматкерлери жана спектаклди койгон режиссёр Марат Козукеев. Аталган спектаклдин бет ачары ушул жылдын март айында өткөн, ак жолтой болуп азыркыга чейин аншлаг менен көрүлөт экен. Кечээ фестивалга өзүм катышып, башка мамлекеттен келген коноктордун да аткарууларын көрдүм. Алар да жакшы даярданышыптыр, бирок Гран-При бирөө эле болгондуктан аларга түрдүү наамдар менен сыйлыктар ыйгарылып жатты", - деди акын.

Белгилей кетсек, "ART-ORDO" эл аралык театрлардын фестивалы 11-сентябрда башталып, ага 5 мамлекеттен 13 театр катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidan88
2017-09-17 13:26:31
Kuttuktaibyz Baktygul eje!!! Kyrgyz uluttuk drama teatrynyn akter,aktrisalary siler azamatsynar kesipkei en talanttuu.teatrdyn ,Kyrgyz tasmalarynyn jyldyzdary!!!!talantynarga taazim,talantynar tashkyntai bersin,chygarmachylyk yigilik jalpy Kyrgyz drama teatrynyn emgek jamaatyna,algan mayananar az bolso dagy emgektenip jurosunor.madaniyatka koshkon salymynyzdar abdan chon.Ushu Kyrgyz dramda kanchalagan zalkar insansadarybyz ishtegen,osho uluu insandarybyzdyn jolun ulap juro berinizder.
0
grace
2017-09-17 14:57:19
Сыйлык кут болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан