"Тамашоучу" Айбек Бектемиров Астананын акиминин кубогу үчүн өткөн оюнда "Мыкты оюнчу" аталды

Кечээ, 16-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн КВН боюнча "Жайдарман" лигасынын Астана акиминин кубогу үчүн оюнунда "Тамашоунун" "Ассорти" командасынын оюнчусу Айбек Бектемиров "Мыкты оюнчу" аталды. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 17-сентябрда SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү.

"КВНге жалпысынан 16 команда катышты. Алардын ичинен 1 гана биз Кыргыздын атынан бардык, калгандары казактар болду. Кубокко "Костанай" командасы ээ болсо, мага "Мыкты оюнчу" наамы менен 100 миң теңге ыйгарылды. Бул жеңиш меники гана эмес, жалпы командабыз жана Кыргыз элиники", - деди ал.

Белгилей кетсек, "Ассорти" командасы "Тамашоунун" 9-сезонунда чемпион аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nevestkaa
2017-09-17 15:12:58
Азаматсын Айбек.Ортодогу узун бала кандайдыр бир оору мн ооруйбу бет түзүлүшү башкача го.
-4
Abdizhapar
2017-09-17 21:55:21
Ортодогу бала эмес Айбегин да ооруйт бетин карасан
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан