ЖЫЛНААМА, 18-СЕНТЯБРЬ: "Сениби, шашпа!" мультфильминдеги коёнду сүйлөткөн актриса Клара Румянова 13 жыл мурун каза болгон

300дөн ашуун советтик мультфильмдерде үн коштоп, анын ичинен эң белгилүү "Сениби, шашпа!" мультфильминде коёнду сүйлөткөн советтик жана орусиялык актриса Клара Румянова мындан 13 жыл мурун, 2004-жылы 18-сентябрда дүйнөдөн кайткан.

Актриса 1929-жылы 8-декабрда Ленинград шаарында жарык дүйнөгө келген. Согуш аяктаган маалда Москва шаарындагы кинематография институтуна тапшыруу үчүн борборго жөнөйт. Сынакка даярданып жатканда акчасын уурдатып алып ачка калат. Мындан улам 3-турда комиссиянын алдында өнөрүн тартуулап жатып эсин жоготуп кулап түшкөн.

Окуу жайда ал Николай Рыбников, Алла Ларионова, Вадим Захарченко аттуу актёрлор менен чогуу окуган. Николай Рыбников актрисага сүйүүсүн билдирип, бирок сезимдери жоопсуз калган. Бир жолу ал Клара Румяновага эки ай топтогон акчасына алтын саат алып берип, аны актриса кабыл алган эмес. Бул эмоционалдуу көрүнүш белгилүү советтик "Кыздар" ("Девчата") фильминде колдонулган.

Актрисанын кичинекей кезинде үнү жоон жана кубаттуу болгон. 2-курста окуп жүргөн кезинде колхозго барып суук тийгизип, өпкөсүн сезгентип алат. Ошондо анын үнү чыкпай калып, бир нече ай өткөндө гана ичке үн пайда болгон.

Клара Румянова "Жекшемби" ("Воскресение"), "Убакыт, алга!" ("Время, вперёд!"), "12 отургуч" ("Двенадцать стульев") тасмаларында роль жаратып, актриса катары көрүүчүлөрдүн эсинде калган. 1962-жылдан тарта мультфильмдерге үн коштой баштаган. "Сениби, шашпа" мультфильминен сырткары ал "Чебурашка", "Бөбөк жана Карлсон ("Малыш и Карлсон"), "Рики-тики-тавиде" үн коштогон. Актриса кичинекей балдарга арналган ырлардын мыкты аткаруучусу катары да белгилүү.

Үй-бүлөнү эмес, карьераны тандаган

Клара Румянова 16 жашында пианистке турмушка чыгып, 3 айдан кийин ажырашып кеткен. Турмушка чыккан соң Бүткүл орусиялык кинематография институтуна тапшырып жатканда күйөөсү же кинону, же өзүн тандашын талап кылып шарт коёт. Актриса карьерасын тандап, ичиндеги баласын боюнан алдырат. Ушундан кийин ал өмүр бою балалуу боло алган эмес. Кийин актёр Анатолий Чемодуров менен үй-бүлө куруп, көп өтпөй ажырашып кеткен.

18-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан