Жалал-Абад облусунда сууга агып кеткен жаран изделүүдө

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында 25-май күнү 1988-жылы туулган Бектурсун Нышанов аттуу жаран сууга агып кетти. Аны Отуз-Ат жайлоосуна мал айдап баратып Кара-Үңкүр дарыясынан өтүп жатканда суу агызып кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26-май күнү айыл тургундары менен ӨКМнын Жалал-Абад шаарындагы Куткаруу кызматынан адамдары чыгып, таба алышкан жок. Ошондой эле суунун деңгээли жогору болгондуктан, издөө иштери токтотулган. Жергиликтүү тургундар менен куткаруучулар издөө ишин бүгүн, 27-май күнү да улантышмакчы.

      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан