"Эмми" - теле жана кино жаатында эмгектенгендерге ыйгарыла турган эң жогорку сыйлыктардын бири. 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү Лос-Анжелесте "Эмми - 2017" сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Ага жылдагыдай эле жылдыздардын баары катуу даярданып келишкендиктен кызыл килемдин көркүн ачып, кооз көйнөктөрү менен элдин көңүлүн өздөрүнө бурушту.
Катышуучулардын арасына буга чейин 38 жолу "Эмми" сыйлыгын уткан "Так талашуу оюну" тасмасы кошулган эмес. Мындан улам башка тасмалардын сыйлыкка илешүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Жеңүүчүлөргө төмөнкү наамдар боюнча статуэткалар ыйгарылган.
Мыкты драмалык сериал - "Үй кызматчынын айтып берүүсү"
Мыкты комедиялык сериал - "Вице-президент"
Мыкты мини-сериал - "Чоң-кичинекей калп"
Драмалык сериалдагы айымдын мыкты ролу - Элизабет Мосс, "Үй кызматчынын айтып берүүсү"
Мини-сериалдагы айымдын мыкты ролу - Николь Кидман, "Чоң-кичинекей калп" жана башкалар.
Эң күтүлбөгөн статуэтка актёр Алек Болдуинге анын "Saturday Night Live" берүүсүндө АКШнын президенти Дональд Трампты туураганы үчүн ыйгарылган.