Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кайнар-Булак айылында 16-17-сентябрь күндөрү манасчылардын республикалык кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдиришти.
"Манас" айтуу боюнча сынак алп манасчы Тыныбек Жапый уулунун 170 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн. Ага республиканын бардык аймактарынан 35 адам катышып, чоң манасчылардын арасынан баш байгени Өмүрбек Токтогулов, биринчи орунду Дөөлөт Сыдыков, экинчи орунду Камил Мамадалиев, үчүнчү орунду Тилек Асанов алган. Ал эми жаш манасчылардан баш байгеге Нурбек Талантбеков ээ болуп, кийинки үч орунду Улук Билашов, Гүлжигит Кубанычбеков, Белек Бактыбеков багындырган.
Белгилей кетсек, манасчылык өнөрдүн чоң устаты Тыныбек Жапый уулу 1846-1902-жылдары жашап өткөн. Маалыматтарга караганда, андан Тоголок Молдо, Доңузбай, Байбагыш, Сагымбай Орозбак уулу өңдүү манасчылар таасирленип, таалим алган.