Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы пара алуу кылмышы боюнча айыпталып кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, айыл өкмөт башчысы өзү иштеген мекемедеги жарандардын биринен маселени оң жагына чечип берүү үчүн 13 миң сом талап кылган жана кызматтан бошотуу тууралуу айтып коркуткан. Кылмышка шектүү жаран 22-май күнү аталган суммадагы параны алып жаткан жеринен Ош облустук ИИБи тарабынан колго түштү. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.