Казакстанда өтүп жаткан "I am a Singer" жаш ырчылар сынагына Кыргыздын атынан Нурсултан Раимбеков аттуу жаш талант катышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 18-сентябрда аталган сынакта алып баруучулардын катарын толуктаган Канышай Рысбекова маалымдады.
"Буга чейин "I am a Singer" сынагы кытай элинде өткөрүлүп келчү. Эсиңиздерде болсо, былтыр ага Казакстандын атынан Димаш Кудайбергенов катышып 2-орунга ээ болгон. Мындан улам сынак быйыл Казакстанда өтүп жатат. Ага Кыргыздын атынан Нурсултан Раимбеков аттуу жигит, андан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Татарстан, Башкортостан жана Кытайдан келген 10 ырчы катышууда. Сынак бир топ этапка бөлүнөт. Жыйынтыгы боюнча 1 гана катышуучу жеңүүчү деп табылат. Кызыгы бул жакта алып баруучулар болбойт экен. Ар бир өлкөнүн катышуучусун өздөрүнүн алып баруучулары тааныштыруусу шарт болгондуктан мен дагы келдим", - деди ал.
Белгилей кетсек, "I am a Singer" сынагы 2013-жылдан тарта Кытайда өткөрүлүп келет. Быйыл ал жогоруда аталган 6 өлкөдө түз эфирден көрсөтүлөт.